Templates by BIGtheme NET

Бостериде Россиянын жараны жана анын 7 жашар кызы сабалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында кыргызстандык таксист Россиядан келген жаранды жана анын 7 жашар кызын сабагандыгы айтылууда. Бул тууралуу маалыматты  аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 28-июлда болгон. Санкт-Петербург шаарынан келген турист 7 жашар кызы менен Бостеридеги “Золотые пески” пансионатынан такси кармап Чолпон-Ата шаарына жөнөгөн. Жолдо бара жатканда таксист башка жүргүнчүлөрдү алып баштаганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, таксист  Россиянын жаранына жана анын кызына кол салышкан. Кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып,  кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful