Templates by BIGtheme NET

Ысык-Көлдө 11 киши тамакка ууланып, ооруканага түштү

Ысык-Көл облусунда эс алууга барган 11 киши тамакка ууланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын  маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулар Бостери айылындагы көлдүн жээгинде жайгашкан боз үйлөрдүн биринен тамактанышкан.

«Ууланган кишилер Кемин районунан келип, «Тулпар» пансионатынын жанындагы боз үйлөрдүн биринде шерине өткөрүшкөн. Боз үйдү ижарага бергендердин айтымында, жабыркагандар тамак-ашты өздөрү менен бирге ала келишкен. Учурда териштирүү жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Учурда 11 киши Ысык-Көл райондук ооруканасында жатышат.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful