Азиз Суракматов документтерин тапшырды

22

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына мэрликке талапкер Азиз Суракматовдун документтери келип түштү. Мындай маалыматты аталган комиссиядан билдиришти. Аймактык комиссия эми аны текшерүүнү баштайт.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик тил боюнча билимин аныктоо үчүн сынакка кирип чыккан соң талапкерди каттоо маселеси каралат.

 

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн Азиз Суракматов документтерин өзү келип тапшырган.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэри 8-август күнү шайланат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз