Templates by BIGtheme NET

Кыргызстан менен Россиянын өкмөт башчылары эмне жөнүндө сүйлөшүштү…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-июлда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту.  Бул жолугушуу Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Анда Абылгазиев белгилегендей, кыргыз-орус союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүүнү улантууда активдүү саясий-экономикалык диалог сакталууда. Ошондой эле эки жактуу товар жүгүртүүнүн көбөйүшүнө, соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы зор экенине ишенерин айтты.

«2018-жылдын январь-май айларындагы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,7%га өскөн. Ошону менен бирге товар жүгүртүүнүн өсүүсү кыргыз товарларын экспорттоого, ошондой эле Орусиядан товарларды импорттоого туура келет», — деп ырастады өкмөт башчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясындагы укуктук абалына байланыштуу маселелерди козгоду.

Эске сала кетсек, 27-июлда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Евразия өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынына катышты.

Fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful