Templates by BIGtheme NET

Райымбек Матраимовду кызматтан алууда өкмөт бир нече ката кетирген

Биринчи май райондук соту бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун доо арызы боюнча чечимин түшүндүрдү.

Анда Матраимовдун “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганы, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнү жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогону айтылат.

Ошондой эле, Матраимов стационардык дарыланууда жүргөн маалда иштен алынганы, Бажы кызматынын төрагасынын аны бошотуу себептери көрсөтүлгөн сунушу болбогону негизги жүйө келтирилген.

Эскесалсак, 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

 

fakt.kg

Окшош материалдар:  Президент министрди кызматтан бошотту

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful