Templates by BIGtheme NET

Жанар Акаев: “Урматтуу депутаттар, элдик пикир менен эсептешиңиздер!”

Кечээ, 25-июлда Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) көпчүлүк каолициясы Бишкек шаарынын мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү.Коалициянын жыйыныда БШКнын 4 партиясы Суракматовдун талапкерлигин колдогон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев депутаттарды  Шайлоочуларыңардын үнүн угууга алар менен эсептешүүгө чакырды.

“Бул эмне деген кадр саясаты? Өлкөбүздүн борборун качанга чейин бай-манап, көпөстөр башкарат? Паркты бузуп, стратегиялык обьекттин жанына мыйзам бузуу аркылуу үйлөрдү курган Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан дили менен күйөт? Коомчулукка жабык, Бакиевдердин жакын санаалашы экенин билебиз го. Шаар кеңешке шайланган башка деле партиялар, түзүгүрөөк талапкер алып чыккандан мынча коркосуңар? Шайлоочуларыңардын үнүн укпайсыңарбы? Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары, шаар кеңештеги кесиптештериме кайрылам, көпөстөрдү колдоодон баш тартыңыздар, урматтуу депутаттар, элдик пикир менен эсептешиңиздер! Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев мырза, талапкер сунуштоо укугу Сизде да бар, жок дегенде Бишкекке курулуш магнаты эмес, иштерман жана коомдук пикир жакшы болгон бирөөнү сунуштаңыз”, деп билдирди Жанар Акаев.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Президенттин агасынын күйөө баласы мэр болуп шайланды

2 Прикирлер

  1. Урматтуу Жанар омурун узун болсун!

  2. Урматтуу Жанар!
    Орттомок тугул, олтуруп жатат десек деле элдин ою, абалы менен эсептешпей эле кытайларга 30-40 жылга дейре бизнес ачып берилип жатат. Канада аз келгенсип Эми кытайлар сууну булгап кыргыздын тоолорун радиацияга толтурулган таштандыга айландырат. Азыр болсо Ысык-Колдун эли кургаганы калдык десше да болбой Кумтордун айланасында чечишип жатабыз деп анда-санда соз айтып коюп жатышат. Алар болсо монгулорду аттырып, суубузду ууга айландырып, гулдогон тоолорду чымчык учкус кылып, жадакалса жол да салып беришкен жок. Ошондон коро Эл которулуп токтото албай жатабыз деп шылтоолоп, жаратылыштын абалы дуйно боюнча начар деп дуйнолук уюмдарга кайрылып Канада менен Кытайды дипломаттык жол менен силер сонунсунар деп кубалаш керек эле. Эми болсо Ак-Сай, Арпаны теширтип темир жол салабыз дейт. Анда Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын районун кыймылдатып жаткан малдын абалы кандай болот. Элдин тынчын бузуп кытайлар мусорго айлантат. Ошондон коро Кыргызстан сулуу жерлерге бай да, экотуризмди онуктурушсо, андан тушкон акчаны эки киши уурдабаса, малдын да, элдин да жаратылышка айкалышып жашаган жашоосу бузулбай курсагыбыз ток болмок. Исландия сыяктуу таза деген ат менен туризм бизнеси дуйнону чакырып турат эле.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful