Түркменистанда президентке каршы чыккандар жазаланды

15

Түркменистандын борбору Ашхабадда тоок этинин баасы көтөрүлгөндүгү үчүн эл  көтөрүлүшкө чыгышкан. Бирок, президентке каршы чыккандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери  сабап, атайын транспортко салып алып кетишкен. Бул тууралуу «Альтернативные новости Туркменистана» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 2 жума мурун башталган. Базарга келген эл тооктун этинин баасы  14(260 сом) манаттан 25  (480 сом) манатка чейин кымбаттаганы үчүн башталган. Чогулган эл  Түркменистандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго нараазыяылыгын билдирип баштаганда, күтүүсүз жерден укук коргоо органдары келип сабап, алып кетишкен. Алардын тагдыры эмне болоору белгисиз.

fakt.kg

Бөлүшүңүз