Templates by BIGtheme NET

Ар бир жаран телефонун каттоо үчүн 100 сом төлөйт

Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитет телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу аталган комитет тараткан маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, ар бир байланыш телефондору каттоодон өткөрүлөт. Анын акысы 100 сомду түзөт.

Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин төрага орун басары Эшмамбет Аматовдун айтымында, телефондорду каттоо дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде келген. Мында Кыргызстанга аткезчилик жол менен кирип жаткан телефондорго тыюу салынат.

“Бүгүнкү күнү өлкөдөгү уюлдук телефондун канчасы аткезчилик жол менен кирип, мамлекетке салык төлөбөй жатат. Эгер уюлдук телефондор толук каттоого алынса, бир жерде тизме түзүлөт. Мында уюлдук операторлор каттоодон өткөн гана телефондорду иштетүү милдеттендирилип калат. Калган мыйзамсыз кирген телефондор бажы салыгын төлөмөйүнчө операторлор тармагына иштетилбейт”, — дейт Аматов.

fakt.kg

One comment

  1. Байтик Мусабеков

    Мен бул нерсени туура эмес деп ойлойм андан көрө мамлекетке башка пайдалураак нерсе иштеп чыгышса жакщы болмок.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful