Templates by BIGtheme NET

Өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишим түзөт

Өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишим түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкекте өткөн «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланып жатканда “Пикир” клубунун теңтөрагасы Жумакадыр Акенеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүүнү пландап жатат. Ошондуктан Кумтөр маселесин көтөрүү керек.

Ал эми коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун айтымында, башында Кумтөрдүн 67%ы Кыргызстанга, 33%ы «Камекого» тиешелүү болгон. Бирок башкаруу «Камеко» компаниясында болуп калган. Ошондой эле түшкөн пайда кандай бөлүштүрүлө турганы так айтылган эмес. Кыргызстан ушул күнгө чейин пайда көргөн эмес. Ал эми компания чыгашаны төлөөдө 5% бонуска ээ.

“Келишимге ылайык, биз жылына 550 млн доллар пайдаа таап, «Камеко» 173 млн доллар алышы керек болчу. Бирок биз 128 млн доллар алдык, «Камеко» 1 млрд 127 млн доллар киреше тапты. Алар 40 млн доллар гана инвестиция салышкан. Биздин үлүштү азайтуу үчүн алар жаңы активдерди ачышты”,- деди Кадырбеков.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Европа банкы Кыргызстанга 129 млн доллар бөлүшү мүмкүн

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful