Баткенде кайынсиңдиси жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн

49

Баткенде кайынсиңдиси жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул маалыматты  аталган  облустун ички иштер башкармалыгытастыктады.

Маалыматка ылайык,  Баткендин Кадамжай районунда каналдан 39 жаштагы аялдын сөөгү табылган.Милиция бир жарым айдан соң маркумду өлтүрүүгө шектелип анын кайын сиңдиси менен күйөө баласы кармады. Маркум келин кайынсиңдиси жана күйөө баласы менен бир үйдө жашаган. Анын башын таш менен уруп өлтүрүп, денесин сууга ыргытышкан. Маркумдун артында 5 баласы калды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз