«Сапар Исаковго тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жатат»

42

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго жактоочу Нурбек Токтакуновдун көрсөткөн кызматынан баш тартууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу жактоочу өзү журналисттерге  билдирди.

Токтакуновдун айтымында, кечээ ал УКМКнын тергөө абагына барып, кардары менен кезиккен.

Жолугуу маалында мурунку премьер-министр 13-июлда саат 11де УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө алып барышканын айткан. Анда тергөөчү бөлмөсүнөн чыгып кетип, УКМКнын Илим аттуу кызматкери Сапар Исаковго жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартуусун сунуштаган. Болбосо Викиликс сайтында мурда жарык көргөн маалымат боюнча кылмыш иши козголо тургандыгын айткан.

«Сапар Исаков мындай сунуштан баш тартып, тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жаткандыгын айтты», — деди Нурбек Токтакунов.

fakt.kg

Бөлүшүңүз