Templates by BIGtheme NET

Атамбаев Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсү боюнча пикирин билдирди

 Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Анын айтымында, мэрдин сессияга катышпоосун өзүнөн сураш керек болчу. Балким ага маалымат жеткен эмес же депутаттар үчүн ушундай абал оңтойлуу болгон. Же Ибраимовго иликтөөнүн жүрүшүнө ишенбөөсү үчүн абдан көп негиздеме беришкен.

“Карагылачы кандай гана каралоо болуп жатат. Ишине тоскоолдуктар жүрүп жатканына жарым жыл болду. Бардык жогорку бийликтегилер бул иштер коррупция менен күрөшүүгө алакасы жок экенин билишет. Исаков менен Кулматовго карата жалган айыптоолор менен куугунтуктун аркасынан ЖЭБ боюнча эксперттерге басым өткөрүштү. Мындан ары адилеттүүлүккө эч ким ишенбей калышы мүмкүн. Коомчулук ачык эле Коррупцияга каршы кызматтын бул аракеттерин мыйзамдан жана бардык моралдык принциптерден аша чабуу катары баалап жатат”,— деди Атамбаев.

Ал Ибраимов мэр катары эффективдүү иштегенин, шаардагы чечилбеген көйгөйлөр арты-артынан чечилип баштаганын кошумчалап буларга токтолду:

«Ал чечимди чечкиндүү кабыл алып, жарандардын астында ар дайым өзү жашырынбай жооп берчү. Бүгүнкү күндө бул өтө аз сапат»,-деп билдирди Атамбаев.

Fakt.kg

Тема боюнча:  Токтошев: “Чыӊгыз Айтматовдун мемориалдык борборун куруу үчүн жер бөлүп берүү керек”

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful