Templates by BIGtheme NET

Москвада Камчы Көлбаевдин атынан кыргызстандыктардан акча алып жүргөндөр кармалды (фото)

2018-жылдын февраль айынан бери  Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Москвада  бир нече кыргыз жарандары  кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атынан уюшкан кылмыштуу топ өз мекендештерин коркутуп тоноп жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер Москва жана Москва облусунда иштеген кыргызстандык ишкерлерди, таксисттерди, кафе-ресторан иштеткендерди коркутуп акча алып жүрүшкөн.

Түшкөн маалыматтардын баары ар кандай маалымат булактар аркылуу текшерилип, фактылардын негизинде Москва шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Кузьмин мене жолугущуу уюштурулган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо үчүн Москванын ИИББнын кызматкерлери жардамга келишкен.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. Жабыркагандар арыз жазуудан баш тартышып, кийинчерээк макул болушкан.

Арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, 8 кыргыз жараны кармалган. Алар «Хэндэ-Солярис» жана  «Субару Форестер» үлгүсундөгү унаалар менен жүрүшкөн.

Кармалгандардын арасында жогоруда айтылган кылмыштарга түздөн туз тиешеси бар эки жаран болгон. Алар Сузактын жана Токтогулдун тургундары экендиги аныкталган.  Алар Камчы Көлбаевдин атынан 50 миң талап кылышып, ар бир ай сайын акча төлөп турасыңар деп коркутушкан.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Мирбек Атабековдун жубайы күйөөсүнүн клиби жөнүндө пикирин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful