Templates by BIGtheme NET

Азимбек Бекназаров: “Молдомуса Конгантиевдин апрель окуяларында күнөөсү бар”

ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Конгантиев соттун чечими боюнча гана акталышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. 

Анын айтымында, ИИМдин мурунку жетекчисине карата козголгон кылмыш ишинин токтотулушу моралдык жана укуктук нормаларга жооп бербейт.

Мен 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуядан кийин козголгон кылмыш иштеринде жетекчилик кылгам. Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган болчу. Бирок, ишти сотко чейин жеткириш керек эле, сот гана анын күнөөлү же күнөөсүз экендигин айта алат.

Мурунку башкы прокурордун пикиринде, Молдомуса Конгантиевдин апрель окуяларында күнөөсү бар.

Ооба, Молдомуса Конгантиев 7-апрелде эс-учун жоготуп жаткан. Ал 6-апрелде оор абалда Бишкекке алынып келинген. Биз аны алгач ИИМдин ооруканасына жаткырганбыз, кийинчерээк Москвага дарыланганы жөнөткөнбүз. Бирок, Федералдык коопсуздук кызматы аны артка кайтарган. ИИМдин мурунку жетекчисинин ден соолугуна кооптонуп биз аны кайра Москвага жибергенбиз. Конгантиев жоопкерчиликке тартылышы керек.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Кылычбек Султандын иши Башкы прокуратурада каралат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful