Бажы кызматынын бир нече кызматкерлерине кылмыш иши козголду

39

Башкы прокуратура Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын май-июнь айларында Түндүк-Чыгыш бажы кызматы «K.G.», «L.G.» ишканаларынан жасалма квитанциялардын негизинде бажы төлөмүн алган. Кытайдан ташылып келген товарлардын жалпы суммасы 18 млн сомду түзгөн.

Аталган каражат жогорудагы ишканалардын декларациясында көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада бажы кызматынын жооптуу кызматкерлери мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталган. Аларга карата кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция», «Кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмалуулук» беренелери менен кылмыш иши козголду.

fakt.kg

Бөлүшүңүз