Templates by BIGtheme NET

Аскар Салымбеков президент Сооронбай Жээнбковго кайрылуу жасады

Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков президент Сооронбай Жээнбковго кайрылуу жасады.  

«Шаарда үйлөрдү салып жаткан жүздөй курулуш компаниясы бар. Аларга “Силерге жер берип жататбыз. Акционер болуп, стадион салып койгула» деп эч ким айтпай жатат. Мен бул идеяны ар бир президентке айтып келем. Азыр өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылам. Бай адамдарды чогултуп, демилге көтөрсө… «Көп түкүрсө көл болот» болуп каражат бөлүп беребиз. Мен өзүм алгачкылардан болуп берем, үлгү болушум керек», — дейт Салымбеков  “Марал” радиосуна берген маегинде.

Анын айтыымында, футболду өнүктүрүү үчүн мамлекеттен каржылык жардам менен катар саясий колдоо дагы болушу зарыл. Ал үчүн аткаминерлерге саясий эрк керек.

Ишкерлерди чогултуп, ар бир губернаторго бирден футбол командасын түптөө талабы коюлса, жети облус, эки шаардан жалпы 9 команда түзүлөт. Алар бири-бири менен ойноп атаандаштык өссө футбол өнүгөт.

Салымбеков белгилегендей, учурда Кыргызстан футбол боюнча мамлекеттердин арасында ортоңку деңгээлде. Эми мындан ары команда чогултуу, стадион куруу, жалпы футбол боюнча мамлекеттик программа түзүү зарыл.

«Себеби 2019-жылы Түштүк Корея менен ойнойбуз. Бул оңой эмес. Ошентсе дагы тобокел кылып барып көрөлү, ойнойлу», — дейт Салымбеков.

fakt.kg

Тема боюнча:  Ошто прокурордун орун басары асынып алды

2 Прикирлер

  1. Сиздер Кытай карызын төлөп бериниздер ошол жетет бизге. Карапайым эл төлөй албайт.

  2. Карапайым элге стадиондун кереги жок миңдеген гектар жерлерге суу чыгарып бериниздер ошол жетет карапайым элге. Анан Кытай карызын жегендер толосун. Ошол жетет бизге

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful