Кара-Сууда кытайлардын эшек бизнеси элдин ден соолугуна зыян келтирүүдө

33

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Ош облусуна каращтуу Кара-Суу районундагы Мады айылында жайгашкан кытайлардын  эшек фермасын жабууну талап кылууда. Бул тууралуу ал «24.kg» маалымат агенттигине билдирген.

Депутаттын айтымында, ал айылда 20 миңден ашуун жаран жашайт. Эшектин этин кытайлар ачык эле таштап, ал чирип элдин ден соолугуна зыян келтирүүдө.

“Мындай көрүнүш эпидемияга алып келиши мүмкүн. Мага жеткен маалыматтар боюнча ферма мыйзамсыз иштеп жатат. Куранда эшектин этине тыюу салынган. Кытайлар кантип жергиликтүү имамдардан уруксат алганы түшүнүксүз. Мен элдин ден соолугуна зыян келтирген ферманы текшерип, анан жаап салуу талабы менен Ош облусунун башчысына кат жөнөттүм. Мен аталган ферманын жетекчилигине дагы кайрылуу жөнөткөнмүн. Жообун ушул убакытка чейин ала элекмин. Мен премьер-министрге чейин жетем. Ферма аркылуу арык агат. Ал арыктан эл суу ичет. Буга байланыштуу оорулар көбөйүүдө.Тез аранын ичинде эшек фермасы жабылышы керек “, деп билдирген депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз