Templates by BIGtheme NET

Памирлик кыргыздардын айрымдары Ооганстанга жөнөп кетишти

Былтыртан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары бүгүн Ооганстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Сапар алган 18 адамдын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар.

Алар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, жолуккан соң күзүндө кайра келип, окуусун улантарын айтышты.

Жаркын Ибраева буга чейин “памирлик кыргыздар үйүнө кеткиси келип жатат, себеби кыргыз өкмөтү аларга көңүл бурган жок” деп айрым маалымат каражаттарына тараган создөрду негизсиз деп атады.

– Экинчи тараптын пикирин угуп коюш керек болчу. Биз памирден келген туугандарыбызды окутуп, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүгүн кетип жаткан памирликтер туугандарына сагынычын таратуу үчүн гана баратат. Кайра күзүндө сөзсүз кайтып келишет, – деди ал.

 

fakt.kg

Тема боюнча:  Бала сатууга шектелгендерге дагы бир айып тагылды

2 Прикирлер

  1. Чиновниктерибиз чычывийди !!!

  2. Мирлан Туратуулу

    5-10 кыргызды баткызбаган окмотко жана ошол жердеги элге наалат!Сен Оогансын, окуганды,жазганды билбейсин, кыргыз эмессин деп турса ким жашамак!?Окмот кайда карап турат?Коншу мамлекеттер, 10.000 деп кабыл кылып жатат Кайрылмандарды!Окмот керектуу жардамды берип жатат!Биздикилерге эми соз жок, эшек, айбандар!

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful