Templates by BIGtheme NET

Парламентте ректор шайлоо маселеси каралды

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бириктирилген долбоору 3-окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык, ректорду шайлоодо премьер-министр шайлоодо көбүрөөк добуш топтогон үч талапкердин бирин дайындайт. Муну менен ЖОЖдун жетекчисинин кызмат ордуна азыраак добуш алган талапкер бекитилип калышы мүмкүндүгү келип чыгат. Бул өңдүү жагымсыз көрүнүштөргө академиялык коомчулуктун терс реакциясы жараткан мисалдар бар.

Долбоорго ылайык, ректорду шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаган учурда кайра добуш берүү өткөрүлөт. Ага добуштардын көбүрөөгүн алган эки талапкер катышат. Кайра добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шайланган талапкер он күндүн ичинде тиешелүү орган тарабынан кызмат ордуна бекитет.

Тармактык комитеттин корутундусуна ылайык, аталган маселе боюнча бириктирилген мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

fakt.kg

Тема боюнча:  Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековго терең ыраазычылык билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful