Templates by BIGtheme NET

КСДП Алмазбек Атамбаевдин портрети боюнча билдирүү таратты

КСДП партисы Икрамжан Илмиянов сатып алып, акчасын толук бербей койгон Алмазбек Атамбаевдин портрети жөнүндө  билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, сүрөтчү башында портретти КСДПнын офисинде белек катары калтырган. Кийинчерээк үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп белекти сатып алууну өтүнгөн. Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов портретти 2500 долларга сатып алганда, кошумча төлөө жөнүндө сөз болгон эмес. КСДП буга күбөлөр да бар экенин айтууда.

Ошондой эле, Жаналиевдин жалган билдирүүлөрү ага карата кылмыш иши ачыларына түрткү болот деп белгилешкен.

Сүрөтчү портрет үчүн төлөнгөн 2500 долларды кайтарып берсин, биз да портретти дароо кайтарабыз. Ал акчаны  “Апрель” коомдук фондунун эсебине кошулуп, муктаж адамдарга жумшалганы жакшыраак ”, — деп айтылат билдирүүдө.

КСДП Сауд Аравиянын королуна берилген картиналар боюнча Башкы консулдук өзү жооп берерин, Илмиянов ал сүрөттөрдү көрбөгөнүн айтууда.

Эскерте кетсек, сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновго каршы УКМКга арыз жазган. Ал өз арызында Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10 миң долларга бааланган сүрөтүн 2,5 миң долларга алып, калган акчасын бербей жүргөнүн билдирген.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Ибрагим Жунусов кызматынан которулат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful