Templates by BIGtheme NET

Жогорку Кеңеште Атамбаевдин кайрылуусунун тагдыры эмне болоору айтылды

Бүгүн, 14-июнда өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште 2017-жыл боюнча өкмөттүн отчетун берип жатат.

Жыйындын жүрүшүндө, “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев УКМКнын жетекчисине  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуу боюнча суроо берди.

Эл өкүлү “Бир жума мурун Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады. Ошол кайрылуу боюнча силердин кадамыңар кандай болот? Алмазбек Атамбаев кайрылууда көптөгөн маселелер боюнча жоопкерчилик алды. Кайрылуунун  тагдыры кандай чечилет? “,-деп суроо салды.

УКМКнын жетекчиси жооп берүүдө кыйналып, эмне айтаарын билбей, “Тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул кайрылуу мыйзамга ылайык каралат”, деп жооп берди. Депутат Мыктыбек Абдылдаевди мындай жооп канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бажы кызматыны жетекчиси Кубанычбек Кулматов камакка алынгандан кийин сайсий билдирүү жасаган.

Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камакка алынышын “Раим-миллиондун” өч алуусу деди

Fakt.kg

Окшош материалдар:  Өкмөт башчы тышкы иштер министри кызматына талапкер сунуштады

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful