Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абадда 8 баланын энесин зордуктап, анан өлтүрүп кетишкен

Жалал-Абад облусуна караштуу Арал айылында сегиз баланы энесин зордуктап, анан өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда маалымат жыйынды “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Маркумдун үй-бүлөсүнүн мыйзамдуу өкүлү Исмайыл Токобаевдин айтымында, 2018-жылдын 22-мартында 46 жаштагы Сайрагүл Жукееванын сөөгү көпүрөнүн астында табылган.

“Маркум аял жолдошу менен конокко барган. Сайрагүлдүн жолдошу спирт ичимдигин ичкендиктен үйгө эрте  эле кетип калган. Бир сааттан кийин үйүнө Сайрагүл келген. Ал кыздарын айылдашы Алтынбек зордуктап салгандыгын айткан. Ошол эле күнү ал милицияга баруу үчүн унаа таап күйөөсү менен кошо бараарын айтып үйдөн чыгып кеткен. Кыздары апасына чалганда өчүк болгон. Эрте менен аялдын сөөгү табылган ”, деп билдирди Рыскулова.

Токобаевдин айтымында, кылмышка шектүүнү эки жолу коё беришкен. Кылмыш иши козголгон эмес. Экспертиза Сайрагүл мас абалында көпүрөдөн кулап сууга түшүп кеткен деп жыйынтык чыгарып берген. Эксперттер зордуктоо болдубу деген суроого жооп беришкен эмес. Туугандарынын айтымында, экспертиза жасаган кызматкер менен кылмышка шектенүүсүн  тууганы деп билдирүүдө.

Маркумдун туугандары  бул ишти ИИМден өз көзөмөлүнө алууну суранат.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Ысык-Атада төрт бука тирүүлөй күйүп кетти

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful