Templates by BIGtheme NET

Инспекторго баш ийбеген депутаттын кызы үн катты

Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду 300 метр аралыкка чейин түртүп кеткен видео социалдык тармакта кызуу талкууга түштү. Унааны башкарган айым Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы экени белгилүү болду. Бул тууралуу “Марал” радиосу жазып чыкты.

 

Балтаеванын айтымында, инспектор өз милдеттерин так билбейт жана ыйгарым укуктарын ашырып алган.

«Ал мени Бөкөнбаев көчөсүнөн токтотуп, куру жок бара жатасыңар деди. Мен курду тагып алгам, жанымда сиңдим бар болчу, ал кош бойлуулуктун 9-айында, чын эле кур такпай бара жаткан. Мен инспекторго кош бойлуу келинге кур тагынуу ыңгайсыз экенин түшүндүрдүм. Бирок ал менден айдоочулук күбөлүгүмдү сурады, күбөлүгүмдү ага бердим, андан кийин ал протокол түзө баштады. 300 сом айып пул салынарын айтты. Ошол учурда мен да андан эмненин негизинде протокол түзүп жатканын, өзүнүн да уруксат документтерин көргөзүшүн сурадым, бирок ал бул суроолорго жооп берген жок. Мындан кийин унаамды айдап кетүүнү чечтим. Ошол учурда ал менин унаамдын капотуна жабышып алды, мындай кадамга эмне үчүн барганын такыр түшүнбөйм”,- деди Балтабаева.

Ал эми инспектор Нарбековдун айтымында, окуя Чыңгыз Айтматов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу жана жанындагы жүргүнчүсү коопсуздук курун тагынышкан эмес. Эрежени бузганы үчүн убактылуу күбөлүк берилет деген учурда айдоочу протоколго кол койбой, тийиштүү кагазды күч менен тартып алып, качууга аракет кылган.

fakt.kg

Тема боюнча:  КСДПнын мүчөлөрү партиянын тизмесинен чыгып жатышат (фото)

One comment

  1. Депутаттын кызы болсо деле мыйзамга баш ийуусу керек эмеспм. 300 сом учун качууга аракет кылганына бир туруп кулкун келсе, кайра туруп кыжырын келет экен. Бул жерден качалаган акчаны айып пул катары толоп, кээ бир учурда маичилерди да ыраазы кылып жургон жонокой элге рахмат десек аздык кылат…

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful