Templates by BIGtheme NET

Чыныбай Турсунбеков менен Асылбек Жээнбеков орун алмашат, саясий сценарийдин автору ким?

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында спикерди шайлоо болуп өттү. Жыйынга жалпысынан 119 депутат катышып, “Өнүгүү-Прогресс” мененчыныбай турсунбеков “Кыргызстан” фракцияларынын лидерлери 51ден добуш алышты.

Жалпы бюллетендин 116сы жарактуу деп табылса, үчөө жараксыз болуп калды.

Буга чейин Ак үйдөгү өздүк булактарыбыз Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин ат салышуусунан майнап чыкпай тургандыгын, экинчи айлампада КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жалгыз талапкер болуп чыгып, аны депутаттар колдоп берээрин айтышкан эле.

Темир Сариевдин жумуштан кетээри, анын ордуна Сооронбай Жээнбековдун келээри, Асылбек Жээнбеков бир тууганынын жумушка келгендигине байланыштуу Спикерлик кызматын тапшырып берээри, анын ордуна Чыныбай Турсунбеков дайындалаары, ал эми жумуштан кеткен Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясына лидер болуп, Чыныбайдын ордуна бараары алдын ала түзүлгөн сценарийдин негизинде жүрүп жатканы маалым. Ушинтип  алдын ала жазылган сценарий боюнча спектакльдин биринчи көшөгөсү аяктады. Экинчи көшөгөдө жогоруда биз айткан орун алмашуулар орун алат.

Баарынан кызыгы ушундай тыкандык менен жазылган сценарийдин автору ким болду экен? Баары акырындык менен аныкталаар, саясий оюндар али алдыда. Андыктан, экинчи көшөгөгө чогу назар салалы…

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful