Templates by BIGtheme NET

Убагында Дүйшөнкул Чотоновго күбө боло албай калган генералдар

Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдөөчү жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Кеӊештин депутаттары Наталья Никитенко, Мирлан Бакиров, Мирлан Жеенчороев, Жанарбек Акаев маалымат жыйын өткөрүштү.

Депутат Наталья Никитенконун айтымында, иликтөө учурунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдей турган бир катар жаӊы жагдайлар белгилүү болду. «Азырынча жаӊы ачылган беш жагдай бар. Эгерде сот иштери кайра каралып калса, дагы башка жагдайлар ачыкка чыгарын да билдиришти.

Жаңы ачылган жагдайга бир мисал, кылмыш ишинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Леонид Маевский менен 2010-жылдын 13-майында жолуккан делет. Бирок, Дүйшөнкул Чотонов менен Исмаил Исаков ал убакта Ошто болот. Сот учурунда Дүйшөнкул Чотонов менен Исмаил Исаков 2010-жылдын 13-майында Ошко учуп барганын далилдеш үчүн “Кыргызаэронавигация” Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары далилдөөчү кат сураганда берген эмес. Соттун чечими чыккандан кийин депутат Жанар Акаев “Кыргызаэронавигацияга” кат жөнөткөн экен, ал катка “Кыргызаэронавигация”  Дүйшөнкул Чотонов менен Исмаил Исаков Ошко учуп барганын далилдеген  жообун Жанар Акаевге кат түрүндө бериптир. Ал эми, Алмазбек Атамбаевдин убагында бул далилдөөчү кагазды “Кыргызаэронавигация” Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары сурагандан берген эмес.

Бул сүрөт 2010-жылдын 13-майында Ошто тартылган. Ошондой эле, Дүйшөнкул Чотонов Леонид Маевский айткан убакта  Ошто кимдер менен жүргөнүн айткан. Бирок,  алар сотко күбө катары келишкен эмес.  Дүйшөнкул Чотонов Ошто жүргөнүн күбө катары келип  айта албай калгандар,  мүмкүн аларга бийлик тараптан кысым болгондур. Ошол убакта сотко күбө катары келе албай калган генералдарыбыз  Сүйүн Өмүрзаков, Бактыбек Алымбеков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Мамасадык Бакировдор эми тоскоол болгон ал бийлик жок, кызыктар тарап бийликтен кетти.  Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча жаңы ачылгын жагдай менен иш каралып калса, ошондо күбө катары келип калыс сөздөрүн айта алышат болду бекен.

Окшош материалдар:  Аткаминер депутат Рыскелди Момбековду сотко берем дейт

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful