Templates by BIGtheme NET

Текебаев жана Чотонов иши боюнча жаӊы жагдайлар ачылып жатат

Жакында Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдөөчү жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен кайрылабыз. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеӊеште журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат-жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Маалымат жыйынга депутаттар Мирлан Бакиров, Мирлан Жеенчороев, Жанарбек Акаев да  катышты.

Депутат Жанарбек Акаев азыр коомчулукту жалпы эле «саясий туткундардын» абалы кызыктырып жатканын айтты. «Бийлик алмашты. Эми бийлик оңолот, адилеттүүлүк орнойт деген ойдобуз. Жаӊы ачылган жагдайлар Өмүрбек Текебаевдин саясий негизде соттолгонун көрсөтүп турат. Ошондон улам, анын кылмыш ишин кайра каралып, юридикалык баа берилүүгө тийиш”, – деди.

Ал эми, депутат Мирлан Бакиров сот акыйкаттыгы орношу үчүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш иштери кайра каралууга тийиш экенин белгиледи. «Жаӊы жагдайлар ачылып жатат, аларды жалпы коомчулук билиши зарыл. Дегеле, мындан ары Кыргызстанда бир дагы адам саясий негизде кысымга алынбашы керек», – деп билдирди.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful