Templates by BIGtheme NET

Жеенчороев: “Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш иши сотто бир жактуу каралып калган”

Жакында Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсүздүгүн далилдөөчү жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен кайрылабыз. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеӊеште журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат-жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Маалымат жыйынга депутаттар Мирлан Бакиров, Мирлан Жеенчороев, Жанарбек Акаев да  катышты.

Депутат Мирлан Жеенчороев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши сотто бир жактуу каралып калганын, айрым мамлекеттик органдардан жаӊы документтер түшүп жатканын, демек алар азыр чындыкты айтуудан коркпой калганын билдирди. «Маевский 1 млн долларды Кыргызстанга эки бөлүп алып келгенин айтат. Муну «контрабанда» деп койот. Анда эмне үчүн ал сот жообуна тартылган жок? Биздеги эки революция акыйкатсыз шайлоолор менен адилетсиз соттордон улам келип чыккан. Ошондуктан, юридикалык туура баа берилиши керек», – деп билдирди.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful