Templates by BIGtheme NET

Нике жаңырткан тажик жаранын суицидке жеткиришти

Тажикстандын Восей районунун тургуну Саидмухаммад Иброхимов экинчи жолу үйлөнгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин өз жанын кыйды. 8 ай мурун биринчи аялын аары чагып, каза болуп калган.

«Балдары атасынын экинчи аял алуусуна каршы болушуп, тоюна катышуудан дагы баш тартышкан», – деди анын агасы Раджабали Иброхимов.

Саидмухаммаддин төрт баласы бар. 24 жаштагы улуу баласы Орусияда иштеп жүрөт. Кичүү кызы 16 жашта.

​«Алардын эч кимиси атасынын экинчи аял алышы жөнүндө уккусу да келген эмес. Бирок шарият боюнча аялы өлүп калган киши экинчи жолу үйлөнүү үчүн балдарынан уруксат сураганга милдеттүү эмес», – деди Раджабали Иброхимов.

Саидмухаммад Иброхимовдун экинчи аялы Маржона Рахимова алар алгачкы он күн эле бактылуу болушканын, андан соң уруш-талаш башталганын айтты. «Балдары күндө телефон чалып, мени кууп чыгышын талап кылып турушту. Акыры ал ажырашууну чечти. Мен ата-энемдикине кеттим. Саидмухаммад болсо эртеси асынып алыптыр», – деди Марджона Рахимова.

Восей райондук прокуратурасы бул иш боюнча тергөө башталганын билдирди.

fakt.kg

Тема боюнча:  Астанада өзбекстандык маркумдардын элесине арналып, 52 бак отургузулду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful