Templates by BIGtheme NET

Григорьевка айылынында автожолду жабууга аракет кылгандарга айып пул салынды

Григорьевка айылынында автожолду жабууга аракет кылган жарандарга 3000 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

15-май күнү Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын Фрунзе жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде айрым жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Ананьево-Каракол автокаттамын жабууга аракет көрүлгөн. Райондук укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, автожол жабылбай, автоунаалардын каттамы уланган.
Аталган фактыны териштирүү учурунда, автожолду жабууга аракетти көрүшкөн уюштуручулардын өздүктөрү аныкталды. Алар, ушул эле айылдын тургундары 48 жаштагы Р. Күлдыжан, 47 жаштагы М. Айнагүл, 46 жаштагы К. Бурул, 43 жаштагы М. Динара жана М. Сагидалар экендиктери такталып, милиция кызматкерлери тарабынан аларга карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 231-беренеси (Жолду мыйзамсыз тосуу) менен административдик протоколдор түзүлдү.
Ысык-Көл райондук соту чечими менен ар бирине 3000 сомдон айып салынды.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful