Templates by BIGtheme NET

Депутат кытай ашканаларындагы эттин сапатына кызыкты

«Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда  депутат  Жунус уулу Адыл Кыргызстандан чыккан экологиялык эттер кайда кетип жөнөтүлүп жаткандыгына кызыкты.

“Эгер эттин 60 пайызы ташылып келип жатса, биздин экологиялык жактан таза эттер кайда кетип жатат. Кытайда 1 кг эт 10 доллар турат. Мамлекеттин өзүндө эттин баасы 10 доллар болсо бизге кандай эттер келип жатат анда? Ал жакта тоокторду 20-30 күндө чоңойтуп чыгаруучу фермалар бар экени айтылууда”, деп суроо салды депутат.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин айтымында, Кыргызстан өзүн-өзү койдун жана уйдун эти менен 65 пайызга камсыздайт.

«Ал эми Кытайдын тоок эттерин ташып кирүүгө уруксат жок», — деди ал.

Депутат Кыргызстандагы Кытай ашканалары, тоңдурулуп ташылып келген үй этинен тамак даярдап жатканы тууралуу маалыматы бар экенин кошумчалады.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиардга өстү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful