Templates by BIGtheme NET

Тогуз миң сомго алынган көчөттөр куурап калды (ВИДЕО)

Бишкек шаарында бак-дарактардын кыйылышына нааразы болгондор, Бишкек шаардык мэриясынын алдына шаар тургундары митингге чыгып, алар мэрдин, район акимдерин, «Зелен стройдо» иштегендерди кетсин «Бизге аба жетпей калды», «Биз тумчугуп жатабыз» деген плакаттары менен алардын кетишин  талап кылышкан.

Мэрия тарабынан кыйылган бактардын ордун бат өсө турган,  ар бири 9000 сомдук көчөттөрдү алып келип олтургузуп жатабыз. Ал көчөттөр бат эле өсүп “силерге бат эле таза аба жетип калат” дегендей кылган. Ал эми, өзүбүздүн базарда көчөт саткандар “биздин өзүбүздө ушундай эле сорттогу көчөттөр арзан баада” деп айтышкан. Ар бири 9000 сомдон көчөт алынганын уккандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, карапайым адамдарга чейин нааразы болушкан. Ошол көчөттөр кандай өсүп жатканы менен эч кимдин деле иши жок. Мэрдин, райондун  акимдери, «Зелен стройдо» иштегендери, тендерден уткан фирма деле 9000 сомдук көчөттөрдүн тагдыры эмне болуп жатканы менен кабарлары жок.

Ал  көчөттөр өспөй куурап калды, куураган көчөттү болгону рейкалар гана кайтарып турганын көрүүгө болот. Биздин редакцияга окурманыбыз бир эле көчөдөн 9000 сомдук 144 көчөт куурап өспөй калганын санап чыгыптыр. Башка көчөгө эгилген көчөттөр кандай өсүп жатканы менен деле эч кимдин иш жок болсо керек. “Эгер 9000сомдон алынган көчөттүн 144 көчөтү өспөй калса, анда  мамлекеттин эсебинен 1 296 000 сому жок болду. Бул акчага ким жооп берет”, дейт окурманыбыз.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Баткенде депутатты атып кетишти

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful