“Республика — Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Исаковго кайрылып, 120 депутатты саясий өлүк деген ою өзгөрүп-өзгөрбөгөнүн кызыкты.
Сапар Исаков саясий өлүк деген сөз 120 депутаттын баарына тийиштүү эместигин айтты.
“Мен 120 депутатты саясий өлүк деген эмесмин. Мен парламентти айтканмын”, деп жооп берди Исаков.
Жыргалбек Турускулов парламент 120 депутаттан тургандыгын белгилеп, мындай орой айыптоо үчүн Исаковду депутаттардан кечирим суроого үндөдү.
Эске салсак, Сапар Исаков баштаган өкмөт 19-апрелде отставкага кеткен. Андан кийин Исаков «Апрель» телеканалына интервью берип жатып, парламентти саясий өлүккө айланды деген.
fakt.kg