Templates by BIGtheme NET

Россияда мигранттарга жаңы эреже киргизилди

Кыргыз Республикасы 2018-жылы Россия Федерациясында FIFA Футбол боюнча чемпионатын даярдоо жана өткөрүүдө Россия Федерациясы тарабынан коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. 

  Маалымат катары: Футбол боюнча чемпионат 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Россиянын11 шаарында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) өтөт.

Ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин жогоруда белгиленген 11 шаарда коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн чаралар көрүлөт, миграциялык мыйзамдар жаатында чет өлкөлүк жарандар РФнын Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы № 202 Жарлыгына ылайык РФнын мыйзамдарында белгиленген тийиштүү документтерди көрсөткөн учурда РФнын аймагына кирген күндөн баштап турган орду же жашаган орду боюнча бир сутканын ичинде каттоого туруусу тууралуу убактылуу эреже  киргизилген.

        Жогорудагыларга байланыштуу КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган 11 шаардын ичинде Кыргызстандын консулдук мекемелери жок шаарларында убактылуу жашап, иштеп жаткан жарандар, мекендештер жана диаспора активисттери менен жолугуп, алдын алуучу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында иш сапарларга чыгышат.

-Нижний Новгород (15 -май 2018-ж.);

– Волгоград (16 -май 2018-ж.);

– Казань (16 -май 2018-ж.);

– Ростов-на-Дону (17 -май 2018-ж.);

– Самара (17 -май2018-ж.);

– Саранск (19-20 -май 2018-ж.);

– Сочи (20-21 – май 2018-ж.);

– Калининград (6 июня 2018-ж.).

Жолугушуулардын өтө турган орду убактысы тууралуу төмөндөгү тел аркылуу билүүгө болот: :Казань+7 (966) 260-97-60; Сочи+7 (988) 245-43-02, +7 (988) 286-51-20; Нижний Новгород+7 (967) 713-67-37; Самара+7 (927) 260-34-84, Ростов-на-Дону+7 (960) 461-61-61, +7 (918) 528-81-85; Волгоград+7 (961) 669-95-55; Калининград+7 (952) 792-15-35; Саранск +7 (925) 735-49-46.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  «Сапаттын» имараттарын «Маарифке» өткөрүү пландалып жатат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful