Templates by BIGtheme NET

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү сунушталды

Баш мыйзамды өзгөртүү сунушталды.  Бул тууралуу экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча демилгечи топ жыйынга чогулуп, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Кийин аталган маселе боюнча референдум өткөрүүгө кол чогултулат.

Жалпы элдик добуш берүүгө Азимбек Бекназаров, Кыргызстан башкаруунун кайсыл формасын тандай?, — деген суроону алып чыгууну көздөп жатат.

Азимбек Бекназаров ошондой эле элдик курултай институтун мыйзамдаштыруу ниетинде. Анын алдында Жогорку Кеңештин депутаттары отчёт берип турушу керек.

Ошондой эле ал, депутаттардын санын жүз жыйырмадан алтымышка кыскарууну көздөөдө.

«Кичинекей Кыргызстан үчүн 120 депутат абдан көп. Алардын саны 60 болушу керек. Алар бир мандаттык оркруг боюнча шайланса жакшы болот. Жергиликтүү соттордун судьялары, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайлануусу шарт», — деди Азимбек Бекназаров.

fakt.kg

Тема боюнча:  "Сапар Исаковго тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жатат"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful