Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абадда кыз-келиндерден турган кылмыштуу топ кармалды (фото)

Жалал-Абадда келиндерден турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун тургундары жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө арыздар менен кайрылган. Арыздарында көрсөтүлгөндөй ушул жылдын январь, февраль, март айларында аял кишилерден түзүлгөн белгисиз кылмышкерлердин тобу (Ноокен, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларында) соода-сатык менен алектенген жарандардын дүкөнүнө киришип, 3 белгисиз кыздар соодагерди алаксытуу жолу менен кассасында ири суммадагы акча каражаттарын уурдап кетишкен. Ушундай 6 факты менен дүкөндүн ээлери милицияга кайрылышкан.
Жогорудагы фактылар боюнча Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерин жүргүзүшүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 3 кыз кармалган, алардын экөөсү бир тууган эже-сиңдилер болушат.

Фото Мыктыбека Турдубекова.
1) Ала-Бука районунун 22 жаштагы А кызы А аттуу тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен соттолгон.
2) Кара-Көл шаарынын 20 жаштагы Р.А. аттуу тургуну үй-бүлөлүү,
мурда жогорудагы факты менен сот жообуна тартылган.
3) Кара-Көл шаарынын 22 жаштагы Р.М. аттуу тургуну үй-бүлөлүү, ымыркай баласы бар.
Учурда аялдар кишилердин кылмыштуу тобу сурак беришүүдө.
Кармалгандардын баары үй-бүлөлүк шартына байланыштуу үй камагына алынды.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейитте» Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful