Templates by BIGtheme NET

ЖЭБди оңдоо боюнча жоопкер аткаминерлердин толук тизмеси

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов ЖЭБдеги кырдаалга тиешеси бар аткаминерлердин тизмесин жарыялады.

Анын айтымында, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен негизги келишимге экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.

Мындан тышкары:
— экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев,

— экс-президенттик аппараттын экономика жана финансы саясаты бөлүмүн башчысы Сапар Исаков,

— экс- президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова,

— экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов,

— финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков,

— энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Айбек Калиев,

— экотехинспекциясынын жетекчиси Канатбек Муратбеков,

— мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Т.Мамбетов,

— экспертиза Департаментинин жетекчиси Акматалиев,

— экс-мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Шаршеналиев,

— «Электр станцияларынын» экс-жетекчилери Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаевдер,

— мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Б.Абдиев,

— өрт өчүрүү агенттигинин жетекчисинин орун басары Абдираев,

— мамлекеттик энергетика жана өнөр-жай комитетинин төрагасынын орун басары У.Рыскулов,

— мамлекеттик экотехинспакциянын жетекчиси Аширбаев,

— ЖЭБдин учурдагы директору А.Воропаев, жана Өмүркул уулу Нурлан,

— курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Жумабеков,

— мамлекеттик экотехинспакциянын инспектору Ачилдиев,

— ЖЭБди модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов.

Мындан тышкары, Кытайга өкмөттүн демилгеси менен эки жолу жумушчу сапар уюштурулган.

Биринчи делегацияга депутаттардан Алымбеков, Жамгырчиева, Измалкова, Карамушкина, Узакбаевдор барган. Адистерден Кравцов, Чурмуков, Шептунов, Васильев, Өмүралиев, Үкүбаевдер кошулган.

Экинчи делегацияда 5-чакырылыштын депутаты Ч.Турсунбеков, А.Арапбаев, Кочкорбаев, К.Самаков, Туманов, М.Мадеминов, И.Пирматов, Маматов, Осмонов, Р.Төлөгөнов, Р.Жээнбековдор барган.

Буга кошумча, кытайдын Эксимбанкынан насыя алуу боюнча келишимге экс-экономика министри Темир Сариев, каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев дагы өзүнүн сунуштарын берүү менен кол коюшкан.

Тема боюнча:  Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу сунушталды

Каржы министри Ольга Лаврова келишим официалдуу тилде болсун деген өкмөт башчынын тапшырмасына карабай, англис тилиндеги келишимге кол койгон.
Ал эми тышкы иштер министри Э.Абдылдаев өзүнүн сунушун айтуу менен кол койгон.

Анын орун басары А.Бешимов ТВЕА компаниясына каршы мүнөздөмө берген.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful