Templates by BIGtheme NET

Батукаевди ким түрмөдөн чыгарганы белгилүү болду

 “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов  “Жаңы Ордо”  гезитине Батукаев жөнүндө маек бериптир. Ошол маектен кыскача кандай жооп бергенин беребиз.

 -Сизди Батукаев менен байланыштырып жүрөт. Жакын мамиле болгонбу?

-Батукаев менен мамилем жок. Мен Жаңы Жерде, Батукаев  Молдовановкада отурган.

-Батукаевдин түрмөдөн  бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жогору жак аралашпаса ишке ашпайт болчу да. Кимдин көзөмөлү менен “Мыйзамдагы ууру” өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу сизде маалымат барбы?

-Атамбаев менен сүйлөшкөнүмдө жеке өзү ушул тууралуу айтып берген. Мен сурабасам да өзү  “Феликс Шаршенбаевич, Батукаев тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?” деп айтып калды. Аны бошотуп жибербедиби, аны менден эмне үчүн  сурап жатасыз? -дедим. Атамбаев  “Мага Шамиль Атаханов келип, “Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки  “Мыйзамдагы уурунун”  ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби?”  деп сурады. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгонмун”, деп айткан.

 

fakt.kg

Тема боюнча:  Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиардга өстү

One comment

  1. Атахановду суракка чакырыш керек, куноосу болсо, камаш керек. Жаны Президент Жеенбеков С.Ш. ушуну башынан аягына чейин чыгарыш керек, кимде куноо бар, кимде жок деп. Атамбаевдин да куноосу бар болуш керек, аны да жоопкерчиликке тартыш керек. Атамбаев уруксат бербесе эч нерсе болбойт эле.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful