Templates by BIGtheme NET

Кайра иштетүү тармагында жылыш бар

Жалал-Абад областындагы кайра иштетүү тармагында быйылкы биринчи чейректе иш жакшы жолго коюлду. Продукция иштеп чыгуунун жалпы көлөмү артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи илгериледи. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

Алынган маалыматтарга караганда, биринчи чейректе кайра иштетүү тармагында 879,4  миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүлгөн продукциянын  физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 131,9 пайызга жетти. Ал эми бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жалпы өнөр жай тармагындагы көлөмдүн 13,5 пайызын түздү.

Кайра иштетүү тарагында тамак-аш азыктарын өндүрүү, ичимдиктер менен тамеки 100 пайызга, текстиль жана тигүү продукцияларын өндүрүү 146,8 пайызга, жыгачты иштетүү жана жыгачтан буюмдарды жасоо боюнча 102,1 пайызга, мунайзат, кокс продукцияларын өндүрүү 298,3 пайызга, электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү 109 пайызга, өнөр жай кийимдерин өндүрүү116,8 пайызга, химия өндүрүшү 118,2 пайызга, резина жана пластмасса продукцияларын өндүрүү 124,2 пайызга, башка металл эмес минералдык продуктыларын өндүрүү 284,1 пайызга аткарылган.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Бишкекте мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful