Templates by BIGtheme NET

Жетекчиси конкреттүү тапшырмаларды берди

Жалал-Абад областы биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарып, өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгүндө дээрлик бардык тармактар боюнча өсүү барлыгы белгиленди. Бирок ошол эле учурда орун алып жаткан кемчиликтер айтылып, учурда тамтыгы чыккан Маданият-Барпы унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин тездетүү сунушу түштү.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад областында 2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма баа менен алганда өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 101,8 пайызга, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси 102,5 пайызга, негизги капиталга инвестицияларды тартуу 132,3 пайызга, автотранспорт менен жүк ташуу 105 пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуу 104,5 пайызга, рыноктук кызматтардын көлөмү 103,6 пайызга, чекене товар жүгүртүү 103,8 пайызга, акылуу кызмат көрсөтүү 100,8 пайызга өстү.

Быйылкы жылдын январь-март айында Жалал-Абад областы боюнча 6 миллиард 516,9 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 101,8 пайызга жетти. Жалпы Республиканын көлөмүнөн областтын үлүшү 11,4 пайызды түздү.

Област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев ар кайсы тармактар боюнча облус көрсөткүчү жогорулаган менен айрым район-шаарлардагы артта калуучулукту катуу сынга алды. Мисалы,  Ала-Бука, Тогуз-Торо, Чаткал, райондорунда жана Жалал-Абад шаарында калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча жарандарды окутууга жөнөтүү иши колго алынбаган. Ошондой эле Ноокен районунда өнөр жайдан түшкөн салыктар өлчөмү азайып кеткен. Аны райондун акими “Кыргызмунайгаз” ишканасынан түшкөн салыктын кыскаргандыгы менен түшүндүрдү. Ал эми Базар-Коргон райондук оорукананын медициналык тейлөө ишмердүүлүгү начарлап, ымыркайлардын өлүмү көп катталгандыгы айтылды.

Област жетекчиси бардык кетирилген кемчиликтерди тез арада  жоюу,  малды идентификациялоо, эмдөө иштерин тездетүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу, элетти өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Коллегиянын жыйынында жол инфраструктурасын жакшыртуу жагы каралып, Маданият-Барпы жолунун абалы начарлап кеткендиктен кыйынчылыктар жаралып жатканы да айтылды.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful