Templates by BIGtheme NET

Депутат: “Иче турган таза сууну айтпай эле коёюн, кол жууганга суу жок”

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев “Бурана” тарыхый-археологиялык комплексиндеги бир нече көйгөйлөргө токтолду.

Эл өкүлүнүн айтымында, туристтер, чет элден келген расмий коноктор, студенттер, окуучулар жана башкалар экскурсияга келип турган тарыхый комплексте шарт жок болгондуктан ыңгайсыздыкты жаратууда. “Иче турган таза сууну айтпай эле коёюн, кол жууганга суу жок. Күндөн, жамгырдан баш калкалай турган жай болбогондуктан, жеңил конструкция менен курулган боз үйлөргө эл муктаж. Комплекстин аймагында малдар жайылып жүрөт, ал жерди тегерете тосуу керек” дейт Самаев. Андан сырткары, депутат Токмок шаарында ар кандай оор кылмыштар элдин тынчын алып, кылмышкерлерге козголгон иштерден жыйынтык чыкпай жатканын айтты. “Милиция кызматкерлери базардын аймагында коңшу өлкөлөрдөн келген жарандарды коркутуп, себепсиз акча талап кылып жатышат” деген сөздөр болуп жаткандыктан, бул маселени Ички иштер министрлиги катуу көзөмөлгө алып, талаптарды күчөтүп, укук коргоо органдары мыйзамдын талаасынан чыкпай иш алып барышы керек экендигин баса белгиледи.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful