Templates by BIGtheme NET

Президент Алтынбек Сулаймановдун мурдагы кеңешчисин кызматка дайындады

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич  Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары  болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынны маалымат кызматы билдирди.

Image result for Эсеналиев Досалы Акпаралиевич

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 20-апрелде кол койгон.

1965-жылы 11-апрелде Ош областына караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында туулган.

Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин “тарыхчы, тарых жана коом таануу мугалими” адистиги боюнча артыкчылык диплом менен аяктаган. 1990-1993-жылдары КМУУнун «тарых» адистиги боюнча аспирантураны сырттан окуган.

Эмгек жолу. 1982-жылы Ала-Бука районундагы Ала-Бука орто мектебинде тарбиячы болуп иштеп эмгек жолун баштаган.

  • 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1990-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жаңы жана соңку тарых кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген.
  • 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин жардамчысы болуп иштеген.
  • 1993-1994-жылдары Стратегиялык изилдөөлөр Борборунун ага-референти ишин аркалаган.
  • 1994-1996-жылдары “Сорос-Кыргызстан” Фондунун билим берүү тармагын, ММК, Өкмөттүк эмес уюмдарды колдоо жана адам укуктары боюнча программаларынын координатору болуп иш алып барган.
  • 1996-жылы “Сорос-Кыргызстан” Фондунун гранттар боюнча директор-менеджери болуп иштеген.
  • 1997—1999-жылдары ПРООНдун “Адамдын туруктуу өнүгүүсү” долбоорунун эксперти болгон.
  • 1999-жылдан баштап 2 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин басма-сөз кызматынын эксперти катары эмгектенген.
  • 2001-2002-жылдары Дүйнөлүк банктын “Өнүгүүнүн комплекстүү негизи программасынын алкагында институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү” долбоорунун коомчулук менен байланыш адиси катары иш жүргүзгөн.
  • 2002-жылы Дүйнөлүк банктын “Жакырчылыкты кыскартуу стратегиясына институциялык колдоо” долбоорунун эксперти болуп иштеген.
  • 2003-жылдан баштап 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат кызматын жетектеп турган.
  • 2008-жылдын июнунан тартып 2009-жылдын январына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.
  • 2009-жылдын февралынан 2010-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана КРнын Президентинин Аппаратынын Жогорку Кеңеш менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп турган.
  • 2010-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин “Республика” партиясынын шайлоо алдындагы штабынын аналитика жана медиатобун жетектеген.
  • 2010-жылдын октябрынан 2012-жылдын декабрына чейин “Республика” партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси кызматын ээлеген.
  • 2012-2016-жылдары “Бир Бол” партиясынын аткаруучу комитетинин төрагасы болгон.
  • 2016-жылы “Бир Бол” фракциясынын лидеринин кеңешчиси болуп иштеген.
  • 2016-жылдын 20-ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына төрага болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, запастагы ага-лейтенант.

Окшош материалдар:  "Кылычбек Султандын артында түздөн-түз Атамбаев турат"

2005-жылдын январь айында Европа Комиссиянын жана Европарламенттин коомчулук менен байланыш боюнча структураларында (Брюссель, Страсбург), ал эми 2007-жылдын январь айында NDI аркылуу Польшанын Президентинин жана мамлекеттик мекемелеринин Канцеляриясында (Варшава) стажировкалардан өткөн. 2009-жылдын май айында АКШнын мамлекеттик мекемелеринде (юстиция министрлигинде) “Миң жылдыктын чакырыктарынын эсеби” Программасынын алкагында «мамлекеттик кызматкерлердин өз кирешелерин декларациялоо» саясатын ишке ашырууну иликтөө боюнча Вашингтондо иш тажрыйбасын жогорулаткан.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful