Templates by BIGtheme NET

Президент Сооронбай Жээнбеков  бир катар жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде вице-премьер министрлерди кызматына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде  Боронов Кубатбек мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, биринчи  вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Ушул эле жарлыктын негизинде  Алтынай Өмүрбекова, Замирбек Аскаров,  Жеңиш Разаковдор вице-премьер-министр болуп дайындалышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынынга чогулуп Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган  жаңы өкмөттүн  программасын, түзүмүн жана курамын бекиткен.

Аткаруу бийлилигинин программасына 115 депутат «макул», түзүмүнө 114 депутат «макул» бирөө «каршы», курамына 115 эл өкүлү «макул» деп добуш берген.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жолдошбаев "Депутаттар акча чогултуп Кытайдын карызын төлөп берели"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful