Templates by BIGtheme NET

Токмокто адамды өлтүрүп жерге көмүп салган жарандар кармалды

Токмоктун туругунун өлтүрүп жерге көмүп салган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя катталган жерге барган милиция кызматкерлери жер алдынан адамдын жансыз денесин алып чыгышкан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда ал 33 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун экендиги такталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул оор кылмышка шектелип, 17 жаштагы П.А. жана 33 жаштагы Д.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда окуя болгон күнү каза болгон жаран менен кылмышка шектүүлөр чогуу спирт ичимдигин ичишип, пикир келишпестиктен мушташып кетишкен. 33 жаштагы М.А. алган жаракатынан улам каза болгон. Шектүү жарандар бул окуяны жаап-жашыруу максатында каза болгон жаранды жерге көмүп салышкан.

Бул факты боюнча Токмок шаардык ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Ала-Буканын  тургуну порнографиялык тасмалардын каармандарын кайтала деп кыйнаган күйөөсүн өлтүргөн

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful