Templates by BIGtheme NET

Аида Салянованын инисинин өлүмүнүн бети ачылды

Аида Салянованын ининси Улан Саляновдун өлүмүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министри  Улан Исраилов  Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү — Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчёт берилип жатканда билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Улан Саляновдун өлүмү боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жаткандыгына кызыкты.

“ИИМ кылмышка шектүү Россияда кармалды деп билдирген. Кандай чаралар көрүлүп жатат. Эмнеге кылмышка шектүүнү Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилбей жатат”, деп сурады депутат.

Ички иштер министри Улан Исраилов депутат Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча 2 киши кармалганын, үчүнчү киши изделип жатканын айтты.

“Улан Саляновдун өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Эки киши кармалды, мунун саясатка эч кандай тиешеси жок. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кеңири маалымат бере албайм”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрында Улан Саляновду белгисиз адамдар үйүнөн өлтүрүп кетишкен.

fakt.kg

Тема боюнча:  Бишкектеги жол тыгынын мэр атайын жасап жатабы...

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful