Россиянын Москва шаарында жасалма кыргыз паспорту менен жарандар кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде 1969 –жылы туулган Э.К жана 1986-жылы туулган жарандар кармалган. Аталган жарандар башка адамдарга катталган кыргыз паспортун (ID-card) жана айдоочулук күбөлүктөрдү белгисиз адамдардан сатып алышкан. Жасалма документтерди саткан жарандар изделүүдө.
fakt.kg