Templates by BIGtheme NET

Максим Бакиевдин коттедждери боюнча дагы бир жетекчи кармалды

Максим Бакиевдин коттедждерин баалаган «Капитал+» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга алынды. Эске салсак, 11-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан камакка алынган.

Ал Мүлк фонду тарабынан «Ала-Арча» резиденциясына жакын жайгашкан 48 коттеджден турган VIP-шаарчанын 12 гектар жери менен сатылышы боюнча кармалган.

Эскерте кетсек, 13-апрелде ушул эле фактынын негизинде Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрага орун басары Бакыт Мураталиев да кармалды.

Максим Бакиевге таандык делген, кийин мамлекетке алынган «Идеал Хаус» VIP-шаарчасы былтыр жыл аягында 142 миллион сомго сатылган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерин сабап кетишкен

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful