Templates by BIGtheme NET

Бишкекте мугалим окуучу кызды коркутуп 3 саат алып отурган

Бишкекте 7-класста окуган кызды завуч Асанова Мунира ручка уурдадың деп 3 саат бою кармап отурган. Ага карата ар кандай жаман сөздөрдү айтып, психологиялык басым жасаган. Бул тууралуу кыздын апасы  билдирди.

Анын айтымында, кызы ручка, карандаш салчу баштыкты таап алган. Ал эми баштыктын ээси ручкасы жоголгонун айткан. Мугалим болсо баштыкты таап алган Акылайды (жабырлануучу кыз) 3 саат бою кармап отурган. Кыз баштыкты таап алганын, ичинен ручка албаганын айткан.
Биз окуя боюнча Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгына барганыбызда аталган факт боюнса сөзсүз түрдө териштирүү иштери болоорун айтышты. Ал эми жабырлануучу кыздын апасы Кыял эже арыз жазды.

Окуя болгон №68-Алыкул Осмонов атындагы гимназия мектебине барганыбызда директору кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып калгандыгын айтышты. Бизди директордун орун басары тосуп алып, аты аталган мугалимдер менен жабырлануучу кыздын апасын бетме-бет сүйлөштүрдү. Завуч кызга басым жасабагандыгын, чыныгы ууруну табууга аракет кылгандыгын айтуу менен чектелди.

 

Ал эми кыздын апасы аталган мугалимдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылаарын айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful