Максим Бакиевдин котедждерин сатуу боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрага орун басары Бакыт Мураталиев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мураталиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 307-беренеси (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча айып тагылууда.
Эске салсак, 11-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков ушул эле беренелер менен кармалган. Бүгүн, 13-апрелде ага “Коррупция” боюнча да иш ачылып, убактылуу кармоочу жайга бир айга камалды.
fakt.kg