Templates by BIGtheme NET

Ош базарындагы “өртгейти” иштелип чыкканбы…

Ош базарын шаардын чекесине чыгарыш керек деген маселе көптөн бери көтөрүлүп келген. Буга чейин Ош базары бир бөлүгү өрттөнүп келди. Эми бүгүнкү бир бөлүгү өрттөнүп кеткенден кийин, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Ош базарын шаардын чет жагына көчүрүү боюнча долбоор иштелип чыкканын кабарлады. Мэрдин айтымында, ири базарларды шаардын четине көчүрүү актуалдуу маселе. “Ош базарында соода борборлорунун саны нормадан ашып кеткен. Ошондуктан мындай базарларды борбордун чет жагына көчүрүү боюнча долбоор иштелип чыккан”, деп билдирди Албек Ибраимов. Ал эми, өрттү атайын жасалганы айтылып жатат. Себеби, бир эле мезгилде үч жерден өрт чыккан. Ошондуктан, бул өрт  боюнча кылмыш иши козголду. Шаар башчысынын айтканына карасак Ош базарын шаардын чет жагына көчүрүү боюнча долбоор иштелип чыкканын айтып жатканы кызык болуп жатат. Эмне үчүн өрт чыккандан кийин долбоордун даяр болуп калганын айтып жатат. Долбоорду ишке ашырыш үчүн атайын “өртгейти” иштелип чыкканбы деген ойго кетет экенсиң.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Коомдук кеңештердин координациялык кеңешинин төрагасы шайланды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful