Templates by BIGtheme NET

Алган акчамдан кутулайын деп ооруканага жаткан экс-министрлер

Президент Сооронбай Жээнбековдун 35 коррупционердин тизмеси укканда түн уйкусу бузулгандыр бирок,  Алмазбек Атамбаевге ишенип тоготпой жүрүшкөн. Эми чындап уктай да албай калышты. Ал тизмедеги Өмүрбек Бабановдон башка дагы эки адам Кыргызстандан чыгып кеткени айтылып жатат. Ал эми кача албай калганы ар кандай амалдарын издеп, алды өлүмүш болуп ооруканага жатып калышты. Кээ бири мүлктөрүн сатканы сатып, сата албаганы бирөөлөргө каттатып жатышат. Эмне кылыштын жолун таппай калгандардын ичинен экөө ооруканага жата калышты, алар Айбек Калиев менен Аскарбек Шадиев. Айбек Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен 386 млн доллар тууралуу суралып жатса, Аскарбек Шадиев КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясына кетчү Чыңгыз Айтматов сыйлыгына тийиштүү 30 000 доллардын желип кетиши тууралуу суралууда. Кээ бир адамдар ооруканага дартыман арылайын деп жатса, бул адамдар алган акчамдан арылайын деп жатышат. Алгандын да бермеги бар деген ушундай болот.

fakt.kg

Тема боюнча:  «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful